Resources
«Ойдон мааниге: долбоорлорду кантип жандандыруу керек?» — бул мониторинг жана баалоо жаатында жергиликтүү деңгээлге багытталган, феминисттик жана деколониалдык мамилени сунуштаган методикалык колдонмо. Бул басылма долбоорлорду «иш-чаралардын конвейеринен» чыгарып, аларды терең анализге жана адамдардын жеке тажрыйбасына негизделген тирүү процесске айландырууну көздөйт. Кыргызстандагы жарандык коом уюмдары, долбоор жетекчилери жана активисттер үчүн иштелип чыккан бул куралдар жыйнагы жергиликтүү ресурстарды аныктоого жана демилгелерди аялдар менен кыздардын чыныгы муктаждыктарына ийкемдүү ыңгайлаштырууга багытталган.
What is the purpose of this resource?
Долбоордун негизги максаты — кесиптик ишмердүүлүктү сырттан таңууланган иш-аракеттер эмес, адамдын жеке турмуштук тажрыйбасына (lived experience) негизделген тирүү процесс экенин көрсөтүү
What are the key features of this resource?
Колдонмонун өзгөчөлүгү беш негизги бөлүм (Контекст, Идея, План, Процесс, Рефлексия) аркылуу практикалык аналитикалык көнүгүүлөрдү камтыйт жана негизги каармандын окуясы аркылуу берилген кейстерден (тажрыйбалардан) турат.
What contribution does the resource make to the Feminist Evaluation?
Бул эмгек колониалдык көз караштарга каршы туруп, «мүмкүнчүлүктөргө негизделген» (strengths-based) мамилени жайылтат. Бул баалоочуларга жергиликтүү чөйрөнүн «кемчиликтерин» гана көрө бербестен, анын ички потенциалын ачууга жардам берет
How can other people use this resource?
Иш кагаздарын (чеклисттерди) жана рефлексия көнүгүүлөрүн долбоорду пландоо жана ишке ашыруу учурунда колдонуу менен, командалар биргелешип өсүп, өзгөрүп жаткан шарттарга ийкемдүү ыңгайлаша алышат.